30bc45880f4a3e2c2682ecaa3d8d2025.ppt
- Количество слайдов: 112
PISA 2009. 15 жаштагы окуучулардын функционалдык сабаттуулугун эл аралык изилдөө Кадрлардын бөлүгү Andreas Schleicher What Students know and can do. бет ачарынан пайдаланылган. www. oecd. org Кыргызстандагы PISA 2009 изилдөөсүн Дүйнөлүк Банктын колдоосу менен “Айылдык билим берүү” долбоорунун алкагында КР билим берүү жана илим Министрлигинин тапшырыгы боюнча ББОУБ жүргүзгөн. Programme for International Student Assessment
PISA деген эмне? • PISA – бул 15 жаштагы окуучулардын функционалдык сабаттуулугун эл аралык салыштырмалуу изилдөө. Ал: • Экономикалык кызматташуу жана өнүктүрүү уюму OECD - (Organisation for Economic Cooperation and Development) • Улуттук борборлордун катышуусунда белгилүү эл аралык тесттик уюмдардан турган консорциум тарабынан ишке ашырылат. 2
PISA 2009 OECD өлкөлөрү Шериктеш өлкөлөр Австралия, Австрия, Бельгия, Великобритания, Венгрия, Германия, Греция, Дания, Израиль, Ирландия, Испания, Италия, Канада, Люксембург, Мексика, Нидерланды, Жаңы Зеландия, Норвегия, Польша, Португалия, Словакия, Словения, АКШ, Түркия, Финляндия, Франция, Чехия, Чили, Швейцария, Швеция, Эстония, Түштүк Корея, Япония. Азербайжан, Албания, Аргентина, Болгария, Бразилия, Шанхай (Кытай), Гонконг, Дубай (БАЭ), Индонезия, Иордания, Казахстан, Катар, Колумбия, Кыргызстан, Латвия, Литва, Лихтенштейн, Макао (Кытай), Панама, Перу, Россия, Румыния, Сербия, Сингапур, Таиланд, Тайбэй ( Тайвань а. ), Тринидад жана Тобаго, Тунис, Уругвай, Хорватия, Черногория.
Катышуучу өлкөлөр1998 2009 2000 2001 2006 2003 Дүйнөлүк экономикалар 85% 87% 86% 83% 81% 77% 4 OECD (2007), PISA 2006 – Science Competencies for Tomorrow’s World Background: http: //www. oecd. org/dataoecd/60/1/39727764. ppt
PISA деген эмне? • • • - Үч жылда бир жүргүзүлөт. Изилдөө биринчи ирет 1998 -жылы жүргүзүлгөн. Үч багыт: окуу сабаттуулугу (2000 -ж. ), математикалык сабаттуулук (2003 -ж. ), табигый илимдер боюнча сабаттуулук )2006 -ж. ), окуу сабаттуулугу (2009 -ж. ). 5
PISA изилдөөсүнүн максаты. . . Ар кайсы өлкөлөрдүн өкмөттөрүнө жардам кылуу. . . дүйнөдөгү тездик менен болгон өзгөрүүлөргө окуучуларды көнүктүрүү. . . азыркы мезгилдеги керек кесиптерге даярдоо. . . азыркы технологияларды пайдаланууга даярдоо. . . …көйгөйлөрдү чечүүгө даярдоо. . . 6
PISAнын изилдөө максаты • Өлкөлөргө билимде эмнеге жетишүүгө болоорлугун көргөзүү. • Кайсыл-бир жерде жетишилген жыйынтыктардын негизинде ар кайсы өлкөлөрдүн өкмөттөрүнө азыркы билим берүү саясатынын максаттарын аныктоого жардам берүү. • Дүйнөдөгү жана өлкөдөгү билим берүү прогрессинин ылдамдыгын салыштыруу. • Билим берүү саясатынын чөйрөсүндөгү тажрыйба менен бөлүшүү. 7
1960 -жылга салыштырмалуу ишмердик (%). Азыркы дүйнөдөгү көндүмдөргө болгон талаптар кандай өзгөрөт 1960 -жылдан АКШ эмгек рыногундагы көндүмдөргө болгон талаптын өзгөрүшү (Levy and Murnane) Мектептер үчүн дилемма: Эгерде жөнөкөй көндүмдөр жакында Andreas Schleicher Special advisor to the Secretaryавтоматташтырыла турган болсо, Policy General on Education анда Head of the Indicators and аларга үйрөтүү керекпи? Analysis Division, EDU 7 December 2010
2009 -жылы PISAга кирген өлкөлөр: • • Албания Шанхай ш. (Кытай) Казахстан Панама Перу Тринидад жана Тобаго Бириккен Араб Эмирликтери (Дубай ш. ) Сингапур 9
Эмне үчүн бул изилдөөгө ишенүү керек? Изилдөөдөгү маалыматтарды пайдалангандардын баары маалыматтар билим берүү тутумундагы чыныгы жагдайды чагылтаарына ишенүүлөрү керек. Ошондуктан Консорциум сапаттын стандарттарына ылайык иштелип чыккан изилдөөлөрдү жүргүзүүнүн сапатын көзөмөлдөйт. 10
Эмне үчүн бул изилдөөгө ишенүү керек? • Тандоо (65 өлкө, 470 миңдей окуучу) • Тапшырмалардагы маданий теңдем • Тестирлөөнүн бирдей куралдары • Котормого дыкат көзөмөл • Апробациялык изилдөө жүргүзүү • Ачык жоопторду ж. б. талдоодо төрт көз карандысыз эксперттин катышуусу • Окуучулардын тестке кетирген аракетин өлчөө • Артыкчылыктуу суроолордун негизинде баалоонун жыйынтыктарын тестирлөөнүн башка тапшырмаларынын негизинде баалоо жыйынтыктары менен салыштыруу. 11
PISA эмнени баалайт? • Изилдөөдө балдар менен кыздардын функционалдык сабаттуулугу, алардын коомдо өз алдынча жашоого даярдыгы бааланды. 12
Функционалдык сабаттуулук • бул адамдын азыркы шарттарга жакшылап көнүүсүнө, өмүр бою үйрөнүүсүнө мүмкүндүк берүүчү билимдер менен көнүгүүлөрдүн жыйындысы. • Азыркы коомдогу адамдын өзү ишке ашырышы үчүн керек болгон билимдер менен көнүгүүлөр бүгүн функционалдык сабаттуулукту түшүндүрөт. 13
2009 -жылы PISAда жаңы эмнелер болгон? • Электрондук тексттерди окуу көндүмдөрүн баалоо (20 өлкө гана). • Даярдыгы ар кандай деңгээлдеги (5 ордуна 7 деңгээл) окуучулардын окуу сабатын ийне-жибине чейин баалоо • Билим берүү прогрессине чоң көңүл буруу (2000 -жана 2009 -жылдардын жыйынтыктарын салыштыруу) • Окуучулар жөнүндө жаңы маалымат (окууга болгон мамиле, китепкана байлыктарын пайдалануу жана окутуу стратегияларын билүү) 14
PISA 2009 • 2009 -жылы изилдөөнүн негизги багыты окуу сабаттуулугу болгон. • Ага тестирлөө убактысынын үчтөн эки бөлүгү берилген. 15
PISA 2009 Кыргызстанда Карта RDesign©. http: //www. Go. Kyrgyz stan. net 16
PISA 2009 Кыргызстанда • 173 билим берүү мекемелеринен 15 жаштагы 4986 окуучу катышкан: • 115 айылдык билим берүү мекемелеринен; • Областтык борборлордун жана кичи шаарлардын 30 билим берүү мекемелеринен; • Бишкек ш. 28 билим берүү мекемелеринен; • Тандоого өлкөнүн бардык аймактары тартылган. • Тестирлөө тилдери: кыргызча, орусча жана өзбекче. 17
PISA 2009 Кыргызстанда • 2006 -жылы Кыргыз Республикасы бул изилдөөгө биринчи жолу катышкан. • Кыргыз Республикасы - PISAга биринчилерден болуп катышкан ортоазиялык өлкө. 18
PISA 2009 Кыргызстанда • Кыргызстанда изилдөө Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору тарабынан жүргүзүлгөн (ББОУБ). • Изилдөө КР билим берүү жана илим Министрлигинин тапшырыгы боюнча Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен “Айылдык билим берүү” долбоорунун алкагында жүргүзүлдү. 19
Кыргызстанга мындай изилдөөнүн кереги эмне? • Кыргызстандын окуучуларынын билим деңгээлин, ошондой эле экономикалык өнүгүшү жактан артта калган, ошол эле кезде экономикасы жакшы өнүккөн башка өлкөлөрдүн билим берүү тутумдарына салыштырмалуу Кыргызстандын билим берүү тутумунун натыйжалуулугун баалоо 20
Кыргызстанга мындай изилдөөнүн кереги эмне? • Билим берүүнүн дүйнөлүк тажырыйбада колдонулган ийгиликтүү жолдорун табуу • Убакыттын өтүшү менен Кыргызстандын окуучуларынын билим деңгээлиндеги өзгөрүштөрдү байкоо • Окутуунун жыйынтыгына жана натыйжалуулугуна таасир этүүчү факторлорду баалоо • Кыргызстандагы билим берүү тутумун реформалоо боюнча стратегияны жана сунуштарды иштеп чыгуу 21
PISAны өлчөө куралдары Тестирлөө • Жооптун туура вариантын табууга тапшырма • Кененирээк жооп берүүгө тапшырма • Кыска жоопко тапшырма • Жабык конструкциялоочу жооптуу тапшырма • Тест 2 саатка созулду • (5 мүнөт тыныгуу) 22
PISAны өлчөө куралдары Анкетанын суроолоруна жооп берүү • Окуучулар үчүн окууга, үй-бүлөгө, кызыкчылыктарга ж. б. байланышкан суроолор • PISAнын изилдөөсү жүргүзүлгөн окуу мекемелеринин администрациясы үчүн суроолор. 23
Жыйынтыктарга сереп : 24 “Ойчул” (фр. Le Penseur) – Огюст Родендин 1880 -жылдан 1882 -жылга чейин жараткан өтө белгилүү айкелдеринин бири. Сүрөт: http: //www. museum. ru/alb/image. asp? 26801
PISAга катышкан өлкөлөрдүн ичиндеги орун 2006 -жылдагыдай эле бул изилдөөгө катышкан 65 өлкөнүн ичиндеги Кыргызстандын орточо көрсөткүчү • окуу сабаттуулугу, • табигый илимдер боюнча сабаттуулук, • математикалык сабаттуулук сыяктуу бардык үч багыт боюнча эң төмөн болуп эсептелет 25
PISAнын стандарттары • Табигый илимдер жана математикалык сабаттуулук шкаласындагы мүмкүн болгон 6 деңгээлдин жана окуу сабаттуулугунун шкаласындагы мүмкүн болгон 7 деңгээлдин 2 - деңгээли эл аралык эң төмөнкү стандарт катары эсептелет. • 2 -деңгээлге жеткен окуучулар ар кандай турмуштук жагдайларда өз көндүмдөрүн натыйжалуу жакшы көрсөтө алышат деп эсептелет. 26
Кыргызстанда эң төмөнкү эл аралык стандартка жетишкен жок: • 83. 2% окуучулар - окуу сабаттуулугу шкаласында • 86. 6% - математикалык сабаттуулук шкаласында • 82% - табигый илимдер сабаттуулугу шкаласында. 27
Окуучулардын ортосундагы баллдардын айырмасы эмнени түшүндүрөт? • 73 баллдай айырма PISAнын (5 жана 6 деңгээлдерден бөлөгү) сабаттуулук шкаласындагы бир деңгээлге туура келет. • PISAнын аныктамасы боюнча окуу сабаттуулугу шкаласындагы 39 балл айырма бир окуу жылына туура келет деп айтууга болот. • 90 % өлкөлөрдүн баллдарынын орточо көрсөткүчү 2 жана 3 деңгээлдерде турат. 28
Окуучулардын ортосундагы айырма канчалык маанилүү? • Мисалы, окуу сабаттуулугу чөйрөсүндө эң жогорку көрсөткүчкө ээ болгон өлкө Шанхай (Кытай) менен Кыргызстандын ортосундагы айырма 242 баллды түзөт. • Кыргызстандын көрсөткүчтөрү 155 тен (окуучулардын эң начар тобу үчүн) 483 (окуучулардын эң күчтүү тобу үчүн) баллга чейин өзгөрүп турат, же айырма 328 баллды түзөт. 29
Окуу сабаттуулугу туурасында кененирээк 30
PISA 2009 окуу сабаттуулугун төмөнкүдөй аныктайт: адамдын жазуу тексттерин түшүнүү жана пайдалануу, алар жөнүндө ой жүгүртүү жана өз максаттарына жетишүү, өз билимин жана мүмкүндүктөрүн кеңейтүү, социалдык турмушка катышуу үчүн окуу жөндөмү. 31
15 жаштагы окуучулардын (PISA) ыкмаларын жана көндүмдөрүн эл аралык салыштырмалуу изилдөө. Негизги изилдөө. Апрель – май 2009 -ж. «Окуунун сабаттуулугу» шкаласы боюнча PISA 2009 катышуучу өлкөлөрдүн жыйынтыгы. «Окуунун сабаттуулугу» шкаласынын ар бириндеги окуучулардын пайызы. 1 b жана андан төмөнкү деңгээл 1 а деңгээли 2 деңгээли 3 деңгээли 4 деңгээли 5 деңгээли 6 деңгээли Өлкөлөр* 32 диаграмманын уландысы кийинки кадрда
15 жаштагы окуучулардын (PISA) ыкмаларын жана көндүмдөрүн эл аралык салыштырмалуу изилдөө. Негизги изилдөө. Апрель – май 2009 -ж. «Окуунун сабаттуулугу» шкаласы боюнча PISA 2009 катышуучу өлкөлөрдүн жыйынтыгы. «Окуунун сабаттуулугу» шкаласынын ар бириндеги окуучулардын пайызы. 1 b жана андан төмөнкү деңгээл 1 а деңгээли 2 деңгээли 3 деңгээли 4 деңгээли 5 деңгээли 6 деңгээли 33 * - курсив менен ЭКӨУгө (OECD) мүчө өлкөлөр белгиленген. Булак OECD PISA 2009 database. Өлкөлөр окуучулардын 2, 3, 4, 5 жана 6 деңгээлдеринин пайызына байланыштуу азаюу тартибинде жайгаштырылган.
PISAда окуу сабаттуулугу концепциясы үч өлчөмдө аныкталат: • Тексттерде • Аспекттерде • Жагдайларда Ушул үч өлчөмдүн негизинде окуу сабаттуулугунун шкалалары жана шкалачалары түзүлгөн 34
Окуу сабаттуулугу боюнча тексттин түзүлүшүнүн негизги мүнөздөмөлөрү Тексттер ТЕКСТ: Окуучулар кандай түрдөгү тексттерди окушу керек Маалыматты алып жүрүүчү Электрондук түрдө Басма түрүндө Тексттин форматы Тексттин түрү Үзгүлтүксүз Үзүлгөн Аралаш Көптөгөн Баяндайт Айтып берет Түшүндүрөт Аргументтейт 35
Окуу сабаттуулугу боюнча тексттин түзүлүшүнүн негизги мүнөздөмөлөрү Аспекттер АСПЕКттер Окуучулар окуу боюнча кандай тапшырмаларды аткарышы керек? Маалыматтарды издөө жана табуу Жалпылоо жана чечмелөө Ой жүгүртүү жана баалоо 36
Окуу сабаты боюнча тексттин түзүлүшүнүн негизги мүнөздөмөлөрү Жагдайлар Жагдай: Автордун көз карашында тексттин максаты Жеке Коомдук Кесиптик Билим берүүчүлүк 37
% 3 деңгээлиндеги тапшырма окуучу ар кандай талаптарды канааттандыра Керек маалыматты табууга негизделген 5 деңгээлиндеги турган маалыматтын бир нече үзүндүлөрүнүн ортосундагы өз аратапшырма окуучу тапшырмага , ал эми кай бир учурларда түшүнүүнү талап байланышты табуунукайсы маалымат тиешелүү экендигине өзү үчүн жыйынтык чыгаргандай кылып, такыр белгисиз маалыматтын бир нече үзүндүсүн кылат. Чечмелөө боюнча тапшырма окуучу тексттин бир нече бөлүгүн табышын жана уюштурушун талап кылат. Ой жүгүртүүгө тапшырмалар негизги ойду табуу үчүн, өз ара байланыштарды түшүнүү же сөздөрдүн сынчыл баалоону жана атайын билимдерге негизделген божомолдорду бириктирүүнү талап кылат. Адетте 6 же фразалардын маанисин түшүндүрүү үчүнжана толук деңгээлдеги тапшырма окуучу бир нечеүчүн дагы, ой жүгүртүү үчүн дагы түзүүнү талап кылат. Чечмелөө так Ой жүгүртүү үчүн тапшырмажасоону тексттин кайсы-бир мүнөздөмөсүн корутундуларды, тапшырмалар окуучуга мазмуну жекылат. Алар бир жетекстти толук жана салыштырууларды окуучу талап формасы белгисиз бир баалоону талап кылышы ыктымал. Ой жүгүртүүгө болгон айрым бир нече тексттерди толук жана майда-чүйдөсүнө чейин түшүнүүнү көрсөтүүнүбардык майда-чүйдөсүнө чейин түшүнүүнү талап кылат. Окуунун тапшырмалар окуучу белгилүү, күнүмдүк тапшырмалардын негизинде талап кылат жана алардын бир нечесинин тапшырманын татаалдыгы адетте күтүлбөй турган аспекттери үчүн мындай маалыматын бириктирүүнү талап текстти так. Тапшырма окуучу карама-каршылыктуу маалыматтагы кылышы ыктымал. түшүнүүнү көрсөтүшүн талап кылат. Башка тапшырмалар түшүнүктөр жана концепциялар менен иштөөнү түшүндүрөт. текстти толугу менен түшүнүүнү талап кылбайт, бирок Керек тааныш эмес табууга негизделген 4 деңгээлиндеги тапшырма окуучу азыраак маалыматты ойлорду түшүнүүнү жана чечмелөө үчүн абстрактуу белгилүү маалыматтын негизинде жыйынтык чыгарууну талап окуучу жабык маалыматтын бир нечекылышы мүмкүн. Ой жүгүртүүгө жана кылат. категорияларды түзүүнү талап үзүндүсүн табууну жана уюштурууну талап кылат. Бул деңгээлдеги айрым бирчен-өлчөмдөрдү жана көз баалоого тапшырма окуучу бир нече ар кандай тапшырмалардын татаалдыгы тексттин кайсы-бир бөлүктөрүндөгү караштарды эске алуу менен тааныш эмес темадагы татаал текстти сынчыл тилдик нюанстардын маанилерин текстти бир бүтүн бирдик чыгып кеткен татаал баалоону же божомолдеңгээлиндеги айрым тапшырмалар окуучу мүмкүн алардан жыйынтык 2 түзүүнү, жана текстин чегинен катары кабылдоо аркылуу чечмөлөө зарылдыгын түшүндүрөт. Чечмелөө түшүнүктү колдонууну талап кылышы мүмкүн. бир нече талаптарга жооп бере турган чыгаруу керек болгон жана боюнча башка тапшырмалар белгисиз тексттегибир нече үзүндүсүн табууну талап кылат. Башка маалыматтын бир же категорияларды түшүнүүнү жана колдонууну талап кылат. Ой жүгүртүү тапшырмасы түшүнүүнү, алардын өз ара тапшырмалар окуучу тексттеги башкы ойду 1 а деңгээлиндеги тапшырма окуучу тексттеги окуучу текстти сын көз менен баалоо же божомол түзүү үчүн белгилүү байланышын билүүнү же маалымат жашырылып турганда теманы же тааныш темада автор көздөгөн негизги жана окуучу фактыларды колдонууну талап кылат. Окуучулар мазмуну же формасы жөнөкөй жыйынтыктарды чыгаруусу керек болгондо тексттин эле аңгеме 1 b деңгээлиндеги тапшырма, мисалы окуучу максатты түшүнүүнү, мааниси түшүнүктүү кайсы-бир окуучуга белгисиз болушубөлүгүндөгү маанини жетексттерди ачык-так мүмкүн узун же татаал жөнөкөй тизме сыяктуу тааныш темадагы түшүндүрүүнү талап кылышат. болуп турган көз карандысыз маалыматтын бир же түшүнүүнү көрсөтүшү керек, жөнөкөй синтаксистик, кыска текстте жана тааныш бир нече үзүндүсүн табууну же тексттеги маалымат контекстте мааниси түшүнүктүү эле менен күндөлүк, белгилүү билимдерди болуп турган маалыматтын бир кылат. салыштырууну талапүзүндүсүн табууну талап кылат. Текстте бирине туура келбеген маалымат жокко эсе. 38
Окуу сабаттуулугу. Жыйынтыктар • Кыргызстандын 15 жаштагы 16. 8 % окуучулары окуу сабаттуулугу чөйрөсүндө тапшырманы 2 же андан жогору деңгээлинде аткара алышы мүмкүн. • Айрымдары гана (0. 1%) эң жогорку көрсөткүчтөрдү (5 -6 -деңгээл) көрсөтүүгө жөндөмдүү. • Топтогон баллдарынын орточо көрсөткүчү – 314 ( 1 b деңгээли). 39
Жагдай: Жеке Тексттин форматы: Үзгүлтүксүз Тексттин түрү: Баяндама Аспект: Жалпылоо жана чечмелөө Суроонун форматы: Жабык конструкциялоочу жооп Тапшырманын оордугу: 373 (1 а деңгээли) Кыргызстан: Бул тапшырманы туура аткарган окуучулардын пайызы: 40. 0 Жооп берүүгө АРАКЕТТЕНБЕГЕН окуучулардын пайызы: 18. 9
Жагдай: Жеке Тексттин форматы: Үзгүлтүксүз Тексттин түрү: Баяндама Аспект: Жалпылоо жана чечмелөө Суроонун форматы: Ачык конструкциялоочу жооп Тапшырманын оордугу: 373 (1 а деңгээли) Кыргызстан: Бул тапшырманы туура аткарган окуучулардын пайызы: 22. 1 Жооп берүүгө АРАКЕТТЕНБЕГЕН окуучулардын пайызы: 35. 0
Окуу сабаттуулугу деңгээлдери 6 деңгээл ЭКӨУ Кыргызстан Россия Азербайжан Казахстан 0 % 0. 8% 0. 3% 0 % 0. 1 % 2. 8 % 0. 4 % 5 деңгээл 4 деңгээл 3 деңгээл 2 деңгээл 1 а деңгээли 1 b 6. 8% 20. 7% 1. 0 % 11. 1 % 28. 9% 4. 2 % 24. 0% 11. 5% 26. 8 % 31. 6 % 0. 5 % 5. 3 % 21. 5% 3. 7 % 13. 1 % 24. 1 % Минималдуу стандарт 13, 1% 4. 6% 23. 8 % 29. 7% 19 % 6. 8 % 36. 9% 26. 1 % 30. 7 % 20. 4 % деңгээли 1 b деңгээлинен төмөн 1. 1% 29. 8% 1. 6 % 9. 7 % 7. 5 % 42 OECD (2007), PISA 2006 – Science Competencies for Tomorrow’s World, Table 2. 1 a
Окуунун ар кандай түрлөрүндөгү Кыргызстандын окуучуларынын көрсөткүчтөрү Үзүлгөн тексттер -21 Үзүлбөгөн тексттер +5 Ой жүгүртүү жана баалоо -14 Маалыматты издөө жана табуу -15 Жалпылоо жана чечмелөө +13 -25 -20 -15 -10 -5 0 5 10 «Окуу сабаттуулугу» шкаласы боюнча топтолгон баллдардын орточо көрсөткүчү: 314 15 43
Окуунун ар кандай түрлөрүндөгү Кыргызстандын окуучуларынын көрсөткүчтөрү • Кыргызстандын окуучулары үчүн маалыматты издөө жана табуу, ошондой эле ой жүгүртүү жана баалоо боюнча тапшырмаларды аткаруу кыйыныраак. • Жалпылоо жана чечмелөө боюнча тапшырмаларды бир аз жакшыраак аткарышты. • Ошентсе да Кыргызстан окуунун аспекттерине карабастан акыркы 65 -орунда. 44
Кыздар менен балдардын окуу сабаттуулугундагы айырмасы • Кыздар бардык өлкөлөрдө окуу сабаттуулугу жагынан жогорураак көрсөткүчтөргө ээ. • Бирок, кай бир өлкөлөрдөгү айырма башкаларга караганда бир топ эле көбүрөөк. • Финляндияда кыздар менен балдардын ортосундагы топтолгон баллдардын көбүрөөк айырмасы 55 баллды түзөт. Колумбиядагы азыраак айырма – 9 балл. Кыргызстан • Кыздар менен балдардын ортосундагы жыйынтыктардын айырмасы 53 балл. • 19. 1% кыздар менен 41. 1% балдар 1 b деңгээлинен төмөн турат. • 21. 8% кыздар менен 11. 5% балдар 2 деңгээлинде жана андан жогору турат. 45
Кыргызстан. Окуу сабаттуулугу шкаласынын ар кайсы деңгээлдериндеги кыздар менен балдардын % 45 41. 1 40 35 29. 2 30 30. 1 29 25 20 Балдар 19. 1 Кыздар 18. 2 14. 7 15 8. 2 10 5 5. 5 2. 7 0. 61. 4 0 0. 2 уровень 4 деңгээли 4 уровень 5 деңгээли 5 0 0 0 1 деңгээлинен төмөн 1 b деңгээли 1 a деңгээли уровень 2 деңгээли 2 уровень 3 деңгээли 3 уровень 6 деңгээли 6 46
Табигый-илимий сабаттуулук 47
15 жаштагы окуучулардын (PISA) ыкмаларын жана көндүмдөрүн эл аралык салыштырмалуу изилдөө. Негизги изилдөө. Апрель – май 2009 -ж. «Табигый-илимий сабаттуулук» шкаласы боюнча PISA 2009 катышуучу өлкөлөрдүн жыйынтыгы. « Табигый-илимий сабаттуулук » шкаласынын ар бириндеги окуучулардын пайызы. 1 b жана андан төмөнкү деңгээл 1 а деңгээли 2 деңгээли 3 деңгээли 4 деңгээли 5 деңгээли 6 деңгээли Өлкөлөр * 48 диаграмманын уландысы кийинки кадрда
15 жаштагы окуучулардын (PISA) ыкмаларын жана көндүмдөрүн эл аралык салыштырмалуу изилдөө. Негизги изилдөө. Апрель – май 2009 -ж. «Табигый-илимий сабаттуулук» шкаласы боюнча PISA 2009 катышуучу өлкөлөрдүн жыйынтыгы. « Табигый-илимий сабаттуулук » шкаласынын ар бириндеги окуучулардын пайызы. 1 b жана андан төмөнкү деңгээл 1 а деңгээли 2 деңгээли 3 деңгээли 4 деңгээли 5 деңгээли 6 деңгээли Өлкөлөр * 49 * - курсив менен ЭКӨУгө (OECD) мүчө өлкөлөр белгиленген. Булак OECD PISA 2009 database. Өлкөлөр окуучулардын 2, 3, 4, 5 жана 6 деңгээлдеринин пайызына байланыштуу азаюу тартибинде жайгаштырылган.
Табигый-илимий сабаттуулук • Кыргызстандын 15 жаштагы 18% окуучулары гана табигый-илимий сабаттуулук чөйрөсүндөгү тапшырмаларды аткара алышат (деңгээл 2 жана жогору). • Окуучулардын 82% төмөнкү эл аралык стандартка жетише элек. • Айрымдары гана эң жогорку көрсөткүчтөргө жетишүүгө жөндөмдүү (деңгээл 5 жана 6). • Топтолгон баллдардын орточо көрсөткүчү: 330 (1 деңгээлинен төмөн). 50
Тапшырманын татаалдыгы: 436 (деңгээл 2) Тапшырманын татаалдыгынан жогору балл алган Кыргызстандын окуучуларынын пайызы: 12. 9 51
ЭКӨУ жана КМШ өлкөлөрү. Табигый илимдерде сабаттуулугу боюнча эң аз жана жогору стандартка жетишкен окуучулардын % 90. 0 82. 1 82. 0 78. 0 80. 0 70. 0 55. 4 60. 0 50. 0 44. 6 40. 0 30. 0 20. 0 17. 9 22. 0 18. 0 10. 0 ЭКӨУ Россия Казахстан минималдык стандарттан төмөн Азербайжан Кыргызстан минималдык стандарт жана жогору 52
Кыздар менен балдардын табигый илимдер сабаттуулугундагы айырмасы • ЭКӨУ өлкөлөрүндө табигый илимдер чөйрөсүндөгү кыздар менен балдардын жыйынтыктарынын айырмасы негизинен статистикалык жактан анча деле чоң эмес. • Иорданиядагы кыздардын пайдасындагы чоң айырма: 35 балл. • Колумбиядагы балдардын пайдасындагы чоң айырма: 21 балл. • Кыргызстанда кыздардын баллдарынын орточо көрсөткүчү балдардыкынан 22 баллга көбүрөөк. 53
Кыргызстан. Табигый илимдер сабаттуулугу шкаласынын ар кайсы деңгээлдериндеги кыздар менен балдардын % 70. 0 60. 0 50. 0 % юноши балдар 57. 9 48. 2 % девушки кыздар 40. 0 31. 6 30. 0 26. 4 20. 0 15. 2 11. 2 10. 0 3. 8 4. 2 0. 6 0. 8 0. 0 уровень 4 4 деңгээли 5 уровень 5 деңгээли 6 уровень 6 деңгээли 0. 0 ниже уровня 1 1 а деңгээли уровень 1 а 1 деңгээлинен төмөн 2 уровень 2 деңгээли уровень 3 3 деңгээли 54
Математикалык сабаттуулук 55
15 жаштагы окуучулардын (PISA) ыкмаларын жана көндүмдөрүн эл аралык салыштырмалуу изилдөө. Негизги изилдөө. Апрель – май 2009 -ж. «Математикалык сабаттуулук» шкаласы боюнча PISA 2009 катышуучу өлкөлөрдүн жыйынтыгы. «Математикалык сабаттуулук» шкаласынын ар бириндеги окуучулардын пайызы. 1 b жана андан төмөнкү деңгээл 1 а деңгээли 2 деңгээли 3 деңгээли 4 деңгээли 5 деңгээли 6 деңгээли Өлкөлөр * 56 диаграмманын уландысы кийинки кадрда
15 жаштагы окуучулардын (PISA) ыкмаларын жана көндүмдөрүн эл аралык салыштырмалуу изилдөө. Негизги изилдөө. Апрель – май 2009 -ж. «Математикалык сабаттуулук» шкаласы боюнча PISA 2009 катышуучу өлкөлөрдүн жыйынтыгы. «Математикалык сабаттуулук» шкаласынын ар бириндеги окуучулардын пайызы. 1 b жана андан төмөнкү деңгээл 1 а деңгээли 2 деңгээли 3 деңгээли 4 деңгээли 5 деңгээли 6 деңгээли Өлкөлөр * * - курсив менен ЭКӨУгө (OECD) мүчө өлкөлөр белгиленген. Булак OECD PISA 2009 database. Өлкөлөр окуучулардын 2, 3, 4, 5 жана 6 деңгээлдеринин пайызына байланыштуу азаюу тартибинде жайгаштырылган. 57
Математикалык сабаттуулук • Кыргызстандын 15 жаштагы 13. 4 % окуучулары математикалык сабаттуулук чөйрөсүндөгү тапшырмаларды аткара алышат (деңгээл 2 жана жогору). • Окуучулардын 86. 6% эң төмөнкү эл аралык стандартка жетишкен жок. • Айрымдары гана эң жогорку көрсөткүчтөргө жетишүүгө жөндөмдүү (деңгээл 5 жана 6). • Орточо көрсөткүч - 331 (1 деңгээлинен төмөн) • 58
59
ЭКӨУ жана КМШ өлкөлөрү. Математикалык сабаттуулук боюнча эң аз жана жогору стандартка жетишкен окуучулардын % 100. 0 86. 6 90. 0 78. 2 80. 0 71. 4 70. 0 54. 7 60. 0 45. 3 50. 0 59. 1 40. 9 40. 0 30. 0 28. 6 21. 8 20. 0 13. 4 10. 0 ЭКӨУ Россия Азербайжан минималдык стандарттан төмөн Казахстан Кыргызстан Минималдык стандарт жана жогору 60
Кыздар менен балдардын математикалык сабаттуулук айырмасы • ЭКӨУ өлкөлөрүндө математикалык сабаттуулук чөйрөсүндө негизинен балдар кыздарга караганда жогорку көрсөткүчтөргө ээ. Айырмасы 12 балл. • Колумбия менен Лихтенштейндеги балдар менен кыздардын жыйынтыктарынын айырмасы 32 жана 24 балдарды түзгөн. • Катарда, Литвада, Албанияда, Тринидад жана Тобагодо кыздар балдардан математика боюнча 5 тен 11 баллга чейинки айырма менен ашып кетишкен. • Кыргызстандагы айырма дагы эле кыздардын пайдасына • 6 баллды түзгөн. 61
Кыргызстан. Математикалык сабаттуулук шкаласынын ар кайсы деңгээлдериндеги кыздар менен балдардын % 70. 0 65. 7 64. 1 60. 0 % юноши балдар 50. 0 40. 0 % девушки кыздар 30. 0 20. 7 22. 7 20. 0 9. 3 9. 4 10. 0 3. 4 3. 1 0. 8 0. 7 0. 1 0. 0 уровень 4 4 деңгээли уровень 5 5 деңгээли уровень 6 6 деңгээли 0. 0 ниже уровня 1 уровень 1 а 1 деңгээлинен 1 а деңгээли төмөн 2 уровень 2 деңгээли уровень 3 3 деңгээли 62
Көрсөткүчтөргө таасир тийгизген факторлор. Окуучулардын ортосундагы айырма эмнени түшүндүрөт? 63
Сиздин жыйынтыгыңыз жогору болот, эгер Сиз… (жыйынтыкка таасир этүүчү айрым факторлор) • • • кыз болсоңуз, жогорку социалдык-экономикалык статустагы, жеке мектептен жана/же көпчүлүк окуучулар окуган жакшы социалдыкэкономикалык статустагы мектептен болсоңуз, бир жылдан ашык мектепке чейинки даярдыктан өтсөңүз, окутуунун натыйжалуу стратегиялары бар, китеп окууга жакшы караган, эң жок эле дегенде күнүнө 30 мүнөт ар кандай материалдарды ыракат үчүн окуй турган, Бишкек шаарындагы орус тилдүү мектептен окусаңыз Жыйынтыгы: 484 балл +53 балл +40 балл +103 балл +62 балл +47 балл +87 балл +24 балл +15 балл +53 балл
. . . Төмөндөгүлөрдүн: • социалдык-экономикалык статусу начар, • мектепке чейинки даярдыгы жок, • окутуунун кандай стратегиясы натыйжалуураак экенин билбеген, • ырахат үчүн китеп окууну сүйбөгөн, • жана алыскы мамлекеттик айылдык мектепте окуган, • балдардын көрсөткүчтөрүнө караганда Сиздин сабаттуулук көрсөткүчүңүз эң жогорку көрсөткүчтүү өлкөлөрдүн орточо көрсөткүчүнүн деңгээлинде жана жогору (болжол менен 484 баллга) болушу мүмкүн. 65
Кыргызстандын окуучуларынын төмөнкү көрсөткүчтөрүн түшүндүрүүчү факторлор: • ИДП төмөнкү деңгээли; • бир окуучуга жумшалуучу чыгымдардын аздыгы; • социалдык-экономикалык абалы төмөн үй-бүлөлүү окуучулардын санынын көптүгү; • педагогикалык кадрлардын тартыштыгы; • билим берүү ресурстарынын жетишпестиги; • окуучулардын аз санынын мектепке чейинки даярдыгы; • окуучулардын окутуунун натыйжалуураак стратегиялары менен азыраак тааныштыгы; • үйдөгү билим берүү ресурстарынын жетишсиздиги; • ж. б. 66
ИДП деңгээли • ИДП жогорураак деңгээлдеги өлкөлөрдүн окуучулары, эреже катары, сабаттуулуктун жогорураак көрсөткүчтөрүнө ээ болушат. • ИДП деңгээли ар кайсы өлкөлөрдүн окуучуларынын ортосундагы көрсөткүчтөрүнүн 6% айырмасын түшүндүрөт. • Жан башына эсептегенде Кыргызстан бардык катышкан өлкөлөрдүн ичиндеги ИДП эң төмөнкү өлкө болуп саналат - 1994 USD (2007 жылкы маалыматтар). 67
ИДП деңгээли • Бирок, бул ИДП төмөнкү деңгээлинде сабаттуулуктун жогорку көрсөткүчтөрүнө жетүүгө болбойт дегендик эмес. • Мисалы, Шанхайда жан башына ИДП деңгээли болгону 5340 USD түзөт, бул көпчүлүк катышкан өлкөлөрдүн калкынын ИДП деңгээлинен бир топ эле төмөн. • Ошого карабастан, Шанхай окуу, математика жана табигый илимдер сабаттуулук көрсөткүчтөрү боюнча биринчи орунда турат. 68
6 жаштан 15 жашка чейин билимге жумшалуучу чыгымдар • Сабаттуулуктун орточо көрсөткүчтөрүнүн бир балага жумшалган чыгым менен түз байланышы бар. • Бир балага кетирилүүчү чыгымдын көбөйүшү менен, эреже катары, сабаттуулуктун орточо көрсөткүчтөрү жогорулайт. • Бир балага жумшалчу чыгымдардын деңгээли ар кайсы өлкөлөрдүн окуучуларынын ортосундагы 9% айырманы түшүндүрөт. 69
6 жаштан 15 жашка чейин билимге жумшалуучу чыгымдар • Кыргызстанда 6 жаштан 15 жашка чейинки окуучуларга жумшалуучу чыгым америкалык 3 миң долларды түзөт. • Бул катышкан өлкөлөрдүн баарынын берген маалыматтары боюнча алардын ичиндеги эң төмөнкү чыгым болуп эсептелет (41 өлкө). 70
6 жаштан 15 жашка чейин билимге жумшалуучу чыгымдар • Башка өлкөлөрдөгү 6 жаштан 15 жашка чейинки бир окуучуга жумшалган чыгымдар АКШда 106 миңден Түркиядагы 12. 7 миң америкалык долларга чейин өзгөрүп турат. • Россия Федерациясында бир окуучуга жумшалган чыгым 17. 5 миң америка долларын түзөт. Башка КМШ өлкөлөрүнүн маалыматтары берилген эмес. 71
6 жаштан 15 жашка чейин билимге жумшалуучу чыгымдар • Эгер өлкөдө бир окуучуга жумшалган чыгымдар анча жогору болбосо, ал андагы сабаттуулук деңгээлинин көрсөткүчтөрү төмөн болот дегендикти билдирбейт. • Мисалы, бир окуучуга жумшалган чыгым 40 миң америка долларын түзгөн Эстония менен Польшадагы сабаттуулук деңгээли бир окуучуга 100 миңден көп америка доллары жумшалган Норвегия менен АКШ сыяктуу өлкөлөрдөгүдөй эле деңгээлде турат. 72
Окуучулардын социалдык, экономикалык жана маданий статусу • Окуучулардын социалдык, экономикалык жана маданий статусу баалоо жыйынтыктарын түшүндүрүүчү эң эле күчтүү факторлордон болуп эсептелет. Социалдык, экономикалык жана маданий статустун компоненттери: • • ата-энелердин кесиптик статусу, жашына карата ата-энелердин билим деңгээли; маданият деген жалпы түшүнүккө туура келген үй ичиндеги буюмдар: сабак окуу үчүн стол, өз бөлмөсү, иштөөгө тынч жер; билим берүүчү компьютердик программалар, Интернет, калькулятор, классикалык адабият, поэтикалык жыйнактар, үй тапшырмаларын аткарууга керектүү китептер, сөздүктөр; идиш-аяк жуучу машина, видео ойнотуучу же видеомагнитофон, уюлдук телефон(дор), телевизор(лор), компьютер(лер), автомашина(лар) ж. б. 73
Окуучулардын социалдык, экономикалык жана маданий статусу • Бардык өлкөлөрдөгү социалдык-экономикалык статусу жакшыраак үй-бүлөлөрдүн окуучулары, эреже катары, PISAнын тапшырмалары боюнча жогорураак баллдарды алышат. • Кыргызстанда окуучулардын социалдык-экономикалык статусу окуучулардын ортосундагы көрсөткүчтөрдүн 14. 5% айырмасын түшүндүрөт. • Кыргызстанда окуучулардын социалдык-экономикалык статусунун индексин бир пунктка көтөрүү окуу сабатынын 40 баллга жогорулашын божомолдойт. 74
Өлкөнүн деңгээлиндеги социалдык-экономикалык факторлор • Социалдык-экономикалык статусу жогорураак окуучулар жашаган өлкөлөрдүн, эреже катары, окуу сабаттуулугунун көрсөткүчтөрү жогорураак болот. • Бирок, мисалы, Кыргызстан менен Шанхайдын окуучуларынын социалдык-экономикалык статусунун орточо индекси толугу менен дал келет, ошол эле учурда Шанхайдын окуучулары сабаттуулуктун эң жогорку көрсөткүчтөрүн, ал эми Кыргызстандын окуучулары эң төмөнкү көрсөткүчтөрүн көрсөтүшөт. 75
Социально-экономические факторы на уровне страны Окуу сабаттуулугунун орточо көрсөткүчү ЭКӨУ өлкөлөрүнүн орточо көрсөткүчүнөн жогору Окуучулардын социалдыкэкономикалык абалы ЭКӨУ өлкөлөрүнүн орточо көрсөткүчүнөн төмөн Окуу сабаттуулугунун орточо көрсөткүчү ЭКӨУ өлкөлөрүнүн орточо көрсөткүчүнөн төмөн Окуучулардын социалдыкэкономикалык абалы ЭКӨУ өлкөлөрүнүн орточо көрсөткүчүнөн төмөн Окуу сабаттуулугунун орточо көрсөткүчү ЭКӨУ өлкөлөрүнүн орточо көрсөткүчүнөн жогору Окуучулардын социалдыкэкономикалык абалы ЭКӨУ өлкөлөрүнүн орточо көрсөткүчүнөн жогору Окуу сабаттуулугунун орточо көрсөткүчү ЭКӨУ өлкөлөрүнүн орточо көрсөткүчүнөн төмөн Окуучулардын социалдыкэкономикалык абалы ЭКӨУ өлкөлөрүнүн орточо көрсөткүчүнөн жогору 76
Үй-бүлөнүн түзүлүшү • Көпчүлүк өлкөлөрдөгү толук үй-бүлөнүн окуучуларынын, эреже катары, сабаттуулук көрсөткүчтөрү толук эмес үй-бүлөнүн окуучуларыныкына караганда жогору болот. Эстониянын, Перунун, Хорватиянын жана Кыргызстандын толук эмес үй-бүлөсүнүн окуучуларынын сабаттуулук көрсөткүчтөрү жогору. • Кыргызстандагы толук эмес үй-бүлөнүн окуучуларынын окуу сабаттуулук шкаласынын баллдары толук үй-бүлөнүн окуучуларыныкына караганда 9 баллга жогору. 77
Толук үй-бүлөнүн окуучулары сабаттуулуктун жогорураак көрсөткүчтөрүнө ээ Толук эмес үй-бүлөнүн окуучулары сабаттуулуктун жогорураак көрсөткүчтөрүнө ээ 78
Мектептин окуучуларын тандоонун сабаттуулук жыйынтыктарына таасири • Сабаттуулук деңгээлинин мектептин көпчүлүк окуучуларынын социалдык-экономикалык статусуна көз карандылыгы да өтө эле жогору. • Мектептин социалдык-экономикалык статусун бир пунктка көбөйтүүдө баллдардын орточо көрсөткүчү 62 ге көбөйөт. Башкача айтканда, негизинен социалдык-экономикалык статусу жакшы окуучулар тандалып алынган мектептердин окуучулары жогорку жыйынтыктарды көрсөтүшөт. • Кыргызстанда негизинен үй-бүлөнүн статусу төмөн болгондуктан, мектептин жогорку статустуу окуучуларды тандап алуусу билим берүүдөгү теңсиздикти күчөтөт жана негизинен өлкөдө сабаттуулуктун начарлашына алып келет. 79
Мектепке чейинки даярдык • Бир жылдан ашык мектепке чейинки мекемелерге барган окуучулар, эреже катары, 15 жашында мындай даярдыгы жокторго караганда сабаттуулуктун жогорку көрсөткүчтөрүнө ээ болушат. 80
Мектепке чейинки даярдык • Орточо алганда ЭКӨУ өлкөлөрүндө бир жылдан ашык мектепке чейинки мекемелерге барган окуучулар менен мындай даярдыгы жок окуучулардын ортосундагы айырма 54 баллдан жогору болот. • Кыргызстанда окуучулардын мындай топторунун ортосундагы айырма 72 баллды түзөт. 81
Мектепке чейинки даярдык бир жылдан көп бир жыл же андан аз ЭКӨУ 82
Китеп окууга болгон мамиле • Бардык өлкөлөрдө, китеп окуудан ырахат алууну көрсөткөн окуучулар окууга кызыкпаган окуучуларга караганда сабаттуулуктун жогорку көрсөткүчтөрүнө ээ. • «Китеп окуудан ырахаттануу» индексиндеги бир пункттун өзгөрүшү менен байланышкан баллдардын айырмасы ЭКӨУ өлкөлөрүндө 39 баллды же бир окуу жылын түзөт, ал эми китеп окуу көбүрөөк кызыктырган жана кызыктырбаган окуучулардын ортосундагы айырма окуу сабаттуулугу шкаласында 1. 5 деңгээлден көбүрөөк болот. • Кыргызстан менен Азербайжандагы «Китеп окуудан ырахаттануу» индексиндеги бир пункттун өзгөрүшү менен байланышкан айырма 24 жана 23 баллдарды түзөт, Россияда 49, ал эми Казахстанда бул айырма статистикалык жактан олуттуу деле эмес. • КМШ өлкөлөрүнүн ичиндеги китеп окуу көбүрөөк кызыктырган жана кызыктырбаган окуучулардын ортосундагы айырма Россияда көбүрөөк – 88 балл, андан кийин Кыргызстанда – 43 балл, Азербайжанда – 29 балл жана баарынан эң төмөнкүсү Казахстанда – 10 балл. 83
Китеп окууга болгон мамиле • Орточо алганда Кыргызстан, Казахстан жана Азербайжандагы китепти ырахат алуу үчүн окуйм деп жооп берген окуучулардын саны ЭКӨУ өлкөлөрүнө караганда бир топ эле көбүрөөк. • Мисалы, ЭКӨУ өлкөлөрү менен Россиядагы окуучулардын 37. 4% менен 21. 4% ырахат үчүн дегеле китеп окубайбыз деп жооп беришсе, ал эми Кыргызстанда минтип болгону 11. 7%, Казахстанда болсо – 7. 2% жооп беришкен. • Ошол эле учурда ЭКӨУ өлкөлөрүндө эки сааттан көбүрөөк болгону 4. 5%, ал эми Россияда 6. 9% окуучулар китеп окушат. Кыргызстанда 14. 5% окууулар эки сааттан көбүрөөк окуйбуз деп жооп беришкен, бул PISAга катышкан өлкөлөрдүн баарынын ичиндеги, Азербайжандан кийинки (15. 2%) жогорку көрсөткүч. 84
Китеп окууга болгон мамиле • Ырахат алуу үчүн 30 мүнөт же андан азыраак китеп окугандар менен дегеле ырахат алуу үчүн китеп окубаган окуучулардын ортосундагы ажырым 36 өлкөдө 30 баллдан ашык болот. • Бирок, Кыргызстанда ырахат алуу үчүн 30 мүнөт же андан азыраак китеп окугандар менен дегеле ырахат алуу үчүн китеп окубаган окуучулардын ортосундагы ажырым болгону 15 баллды гана түзөт. • Кыргызстанда окуучулар ырахат алуу үчүн китеп окууга кетирген убакыт менен сабаттуулук көрсөткүчтөрүнүн ортосундагы байланыш көптөгөн башка PISA өлкөлөрүнө саалыштырмалуу начарыраак. 85
Китеп окууга болгон мамиле • Ырахат алуу үчүн китеп окуу сабаттуулук көрсөткүчтөрү менен байланышкан, ошондуктан ырахат алуу үчүн китеп окууну мектепте, ошондой эле андан тышкары учурларда да колдоого алуу керек. • Окуучулардын күн сайын ырахат алуу үчүн китеп окуусун колдоо аябай эле маанилүү. • Күнүнө үзбөй 30 мүнөттөн китеп окуу сабаттуулуктун көрсөткүчтөрүнө бир топ эле таасир тийгизе алат. 86
Китеп окууга болгон мамиле • Ар кандай материалдарды окуган окуучулар да окуу сабаттуулугунун жогорку көрсөткүчтөрүнө ээ болушат. • Көркөм адабиятты, газетажурналдарды окуу көрсөткүчтөргө өзгөчө таасир берет. • Кыргызстанда газетажурналдарды үзбөй окуган окуучулар окуу сабаттуулугу шкаласында 26 баллды көп алышат. 87
Окутуунун стратегияларын билүү • Маалыматты түшүнүү жана эсте сактап калуу үчүн стратегияларды колдонгон окуучулар мындай стратегияларды колдонбогон окуучуларга караганда сабаттуулуктун бир топ эле жогорку көрсөткүчтөрүнө ээ болушат. 88
Түшүнүүнүн жана эсте сактап калуунун стратегиясы Натыйжалуулары: • “текстти окуп чыккан соң, анын мазмунун башка адамдар менен талкуулайм” • «тексттин маанилүү жерлерин белгилеп коем» • “текстти мен өз сөздөрүм менен жалпылайм” Анча натыйжалуу эместери: • «тексттин түшүнүүгө оңой жерлерине көңүл бурам» , • “мен текстке эки ирет тез көз жүгүртүп чыгам” • “мен текстти башка кишиге окуп берем” 89
Жалпылоо стратегиясы Натыйжалуулары: • «текстин резюмесинде өтө маанилүү фактылардын берилгенин дыкаттык менен текшерем» , • «маанилүүрөөк сүйлөмдөрдүн астын сызып, текстти карап, анан аларды резюме катары өз сөзүм менен көчүрүп чыгам» Натыйжасы азыраактары: • «мен резюме жазам да, ар бир параграфтын баяндоого киргизилгенин текшерем, анткени ар бир параграфтын мазмуну киргизилиши керек» • «резюме жазуудан мурун текстти улам-улам кайталап окуп чыгам» Натыйжасы өтө азыраактары: • «колдон келишинче көбүрөөк сүйлөмдөрдү тыкан көчүрүүгө аракет жасайм» 90
Окутуу стратегияларын билүү • Маалыматты түшүнүүнүн жана эстеп калуунун натыйжалуураак стратегияларын колдонгон ЭКӨУ өлкөлөрүнүн окуучулары бул стратегияны колдонбогон окуучуларга караганда окуу сабаттуулугу шкаласында 70 баллды ашык алышат. Бул айырма окуу сабаттуулугу шкаласынын бир деңгээлине туура келет. • Бул айырма Кыргызстан менен Россия Федерациясында 87 баллды, ал эми Казахстанда 91 баллды түзөт. 91
Окутуу стратегияларын билүү • Кыргызстандын окуучулары окутуунун натыйжалуу стратегиялары менен жакшы тааныш эмес. • Кыргызстан менен Азербайжандагы маалыматты түшүнүүнүн жана эсте сактап калуунун натыйжалуу стратегиясын билүү индекси бардык өлкөлөрдүн ичинде эң төмөн жана 0. 69 түзөт. Россия Федерациясы менен Казахстандагы бул индекстин көрсөткүчү 0. 11 жана 0. 33 түзөт. • Окуу сабаттуулугу деңгээлинде эң жогорку көрсөткүчтүү Шанхайда маалыматты түшүнүүнүн жана эсте сактап калуунун стратегиясын билүү индекси 0. 14 түзөт. 92
Окутуу стратегияларын билүү окутуунун натыйжалуу стратегияларын колдоргон окуучулардын % Казахстан Азербайжан 46 54 42 58 57 Россия Кыргызстан 37 ЭКӨУ 20 үстүртөн окугандар 63 27 73 0 ой жүгүрткөндөр 43 40 60 80 100 Ой жүгүрткөн – окутуунун натыйжалуу стратегияларын колдонгон окуучулар Үстүртөн окугандар – окутуунун кайсы стратегиялары натыйжалуураак экенин билбеген 93 окуучулар
Кыргызстан. Регрессия сызыктарынын сандык параметрлери менен көрсөтүлгөн окуучулардын окуу сабаттуулугундагы ийгиликтерине окуучулардын анкета индекстеринин тийгизген таасири 94
Мектептин уюштуруучулук мүнөздөмөлөрү 95
Окуучуларды тандап алуу жана бөлүштүрүү • «Экинчи жылга» салыштырмалуу көп калтыруу… • Окуучуларды жаш кезинде эле ар кандай билим берүү программалары боюнча бөлүштүрүү (15 жашка чейин). . . • Окуучуларды башка мектептерге начар окугандыгынан, начар жүрүш-турушунан же атайын билим берүүчүлүк маселелерден улам которуу… • Окуучуларды бардык сабактар боюнча жөндөмдүүлүгүнө жараша бөлүштүрүү тажрыйбасы. . . орточо сабаттуулук көрсөткүчтөрүнө гана терс таасирин тийгизбестен, ошондой эле сабаттуулук көрсөткүчтөрүнө үйбүлөнүн социалдык-экономикалык таасирин күчөтөт. 96
Окуу планы жана баалоо чөйрөсүндөгү мектеп автономиясы • Окуу планы жана окуучуларды баалоо чөйрөсүндөгү функциялардын бир топ бөлүгү өздөрүнө берилген мектеп тутумдарында, эреже катары, сабаттуулуктун бийик деңгээли байкалып турат. Мындай тутумдарда сабаттуулук көрсөткүчтөрүнө болгон социалдык-экономикалык факторлордун таасири азыраак. • Бул улуттук стандарттар болгон учурда гана туура болот. 97
Окуу планы жана баалоо чөйрөсүндөгү мектеп автономиясы • PISAга катышкан КМШ өлкөлөрүнүн бардыгында тең ЭКӨУ өлкөлөрүнө караганда окуу планы чөйрөсүндө аз деңгээлдеги автономия байкалат. • Окуу планы чөйрөсүндө аз деңгээлдеги автономия -0. 98 индекс көрсөткүчү Казахстанда, ал эми жогорку -0. 25 индекс көрсөткүчү Кыргызстанда. • Россия менен Азербайжандын индекстеринин көрсөткүчү -0. 36 и -0. 64 түздү. 98
Баалоо • Улуттук экзамендер сөзсүз деп эсептелген өлкөлөр, эреже катары, улуттук кирешени эсепке алгандан кийин да бир топ жогорку сабаттуулук көрсөткүчтөрүнө ээ. • Улуттук экзамендер сөзсүз түрдө тажырыйбаланган мектеп билим берүү тутумдарынын окуучуларынын көрсөткүчтөрү улуттук экзамендер жок тутумдардын окуучуларына караганда 19 баллга жогору болот. • 18 катышуучу-өлкөнүн администраторлору жетишүү жөнүндөгү маалыматтар көпчүлүк үчүн ачык деп билдирген мектептерде, эреже катары, жетишүү жөнүндөгү маалыматтарын ачык жарыялабаган мектептерге караганда сабаттуулук көрсөткүчтөрү жогору болот. • Социалдык-экономикалык факторлорду эсепке алгандан кийин бул көз карандылык 5 гана өлкөдө калат, бирок Кыргызстан алардын катарына кирет. 99
Педагогикалык кадрлар • Мугалимдердин айлык акысынын деңгээли сабаттуулуктун жалпы деңгээли менен байланышкан • Чыгымдардын бирдей деңгээлинде, класстын толушун төмөндөтүү эмес, мугалимдердин айлык акысын инвестиция кылууну чечкен мектептик билим берүү тутумдарында, эреже катары, сабаттуулук көрсөткүчтөрү ортодон жогору болот. 100
Материалдык ресурстар • Башка билим берүү ресурстары менен сабаттуулук көрсөткүчтөрүнүн ортосунда корреляция байкалбайт. • Бирок, бул берилген ресурстар сабаттуулук деңгээлине такыр эле таасир тийгизбейт дегенди билдирбейт. • Бул ЭКӨУ өлкөлөрүндөгү мектептердин ичинде мектептердин жабдылышындагы чоң айырмачылктардын болбогондугу менен байланышкан болушу ыктымал. • Педагогикалык кадрлары жетишпеген, окуу китептери кемчил жана инфратүзүлүштөгү көйгөйлөрү бар мектептерде сабаттуулук көрсөткүчтөрүнүн төмөн болоорун ишенимдүү эле айтууга болот. 101
Педагогикалык кадрлар • КМШ өлкөлөрүнүн администраторлорунун жоопторун салыштыруудан көрүнүп тургандай, орточо алганда Кыргызстанда педагогикалык кадрлардын жетишпестик индекси өтө жогору жана 0. 90 түзөт. • Россияда бул индекс 0. 13, ал эми Казахстанда 0. 47 түзөт. Азербайжанда педагогикалык кадрлардын жетишпестиги ЭКӨУ өлкөлөрүнүн орточо көрсөткүчүнө жакын жана – 0. 02 түзөт. 102
Материалдык ресурстар • Кыргызстанда, 2006 -жылдагыдай эле, мектептин материалдык ресурстарынын жетишсиздик индекси бардык катышкан өлкөлөрдүн ичинде эң жогору жана -1. 72 түзөт. • КМШ башка өлкөлөрүндөгү материалдык ресурстардын жетишсиздигинин орточо көлөмү ЭКӨУ өлкөлөрүнүн орточо көлөмүнөн жогору. • Казахстан үчүн индекс мааниси -0. 76, ал эми Россия жана Азербайжандыкы -0. 63 жана -0. 58 түзөт. • Кыргызстанда материалдык ресурстардын салыштырмалуу жогору жетишсиздиги бардык жерде байкалат. КМШ өлкөлөрүндө ЭКӨУ өлкөлөрүндөгү орто мектептерге караганда жакшы жабдылган мектептер бар (материалдык ресурстардын индекси – ЭКӨУ өлкөлөрүнүн бир стандарттык четтөөлөрүнүн жарымынан көбүрөөк). 103
Материалдык ресурстар • Эгер жалпысынан сабаттуулук көрсөткүчтөрүнүн мектептердин материалдык ресурстарынан көз карандылыгы байкалбаганы менен Кыргызстанда, тескерисинче, мектептердин уюштуруу мүнөздөмөлөрү менен байланышкан факторлордун таасирине караганда билим берүү ресурстарынын сабаттуулук көрсөткүчтөрүнө таасири чоңураак. • Баарынан мурун сабаттуулук көрсөткүчтөрүндөгү айырма социалдык-экономикалык статусту эсепке алганга чейин жана кийин дал ошол билим берүү ресурстары, андан кийин мектептик башкаруу, баалоо тутуму жана, эң акырында, окуучуларды кабыл алуу жана бөлүштүрүү тажырыйбасы менен байланышкан. 104
Кыргызстандагы көрсөткүчтөргө таасир берген факторлордун мааниси билим берүү ресурстары (мектептеги педагогикалык кадрлар жана материалдык ресурстар) баалоо тутуму (улуттук экзамендер жана жетишүү көрсөткүчтөрүн жарыялоо) мектеп башкаруусу (окуу планы жаатындагы автономия) окуучуларды кабыл алуу жана бөлүштүрүү (мектептен мектепке которуу, “ордунда калтыруу” ж. б. ) социалдык-экономикалык факторлорго көз карандысыз социалдык-экономикалык факторлор менен бирге берилген факторлор менен түшүндүрүүгө боло турган мектептердин ортосундагы айырманын % 105
PISAнын 2006 жана 2009 жыйынтыктарын салыштыруу • PISAнын багыттарынын баардыгында баалоого абсолюттук бирдей мамиле тогуз жылда бир гана жолу колдонулат. • Ошондуктан сабаттуулук көрсөткүчтөрүнүн чыныгы салыштыруусун PISA табигый илимдер сабаттуулугун баалоого кайрылганда, 2015 -жылы гана жасоого болот. 106
PISAнын 2006 жана 2009 жыйынтыктарын салыштыруу • Кыргызстан 2006 -жылдагыдай эле PISA 2009 катышкан бардык өлкөлөрдүн ичинде сабаттуулук көрсөткүчтөрү боюнча акыркы орунду ээлегенине карабай, канткен күндө да 2006 -жылга салыштырмалуу кандайдыр-бир өзгөрүүлөр бар. • Орточо көрсөткүчтөр, ошондой эле сабаттуулуктун төмөнкү стандарттарына жеткен окуучулардын пайызы көбөйдү. 107
PISAнын 2006 жана 2009 жыйынтыктарын салыштыруу 340 330 330 322 320 313 311 310 300 290 285 280 270 260 Окуу сабаттуулугу 2006 Математикалык сабаттуулук Табигый илимдер сабаттуулугу 2009 108
PISAнын 2006 жана 2009 жыйынтыктарын салыштыруу Китеп окууда минималдык стандартка жетишкен окуучулардын пайызы 109
PISAнын 2006 жана 2009 жыйынтыктарын салыштыруу Математикада минималдык стандартка жетишкен окуучулардын пайызы 110
PISAнын 2006 жана 2009 жыйынтыктарын салыштыруу Табигый илимдерде минималдык стандартка жетишкен окуучулардын пайызы 111
Көңүл бурганыңыздарга ырахмат! Булактар: 1. OECD (2010), PISA 2009 Results: What Students Know and Can Do – Student Performance in Reading, Mathematics and Science (Volume I). http: //dx. doi. org/10. 1787/9789264091450 -en 2. OECD (2010), PISA 2009 Results: Overcoming Social Background – Equity in Learning Opportunities and Outcomes (Volume II). http: //dx. doi. org/10. 1787/9789264091504 -en 3. OECD (2010), PISA 2009 Results: Learning to Learn – Student Engagement, Strategies and Practices (Volume III. )http: //dx. doi. org/10. 1787/9789264083943 -en 4. OECD (2010), PISA 2009 Results: What Makes a School Successful? – Resources, Policies and Practices (Volume IV). http: //dx. doi. org/10. 1787/9789264091559 -en 5. PISA Data Analysis Manual: SPSS® SECOND EDITION. www. sourceoecd. org/education/9789264056268 6. OECD Database. http: //pisa 2009. acer. edu. au/ 7. PISA 2009. Evaluating systems to improve education. Presentation. Andreas Schleicher. Special advisor to the Secretary-General on Education Policy. Head of the Indicators and Analysis Division, EDU Бет ачарда пайдаланылган айрым сүрөттөр Miscrosoft Office Clip. Art online коллекциясынан алынды жана PISA изилдөөсүнө тийиштүү эмес. www. testing. kg 112
30bc45880f4a3e2c2682ecaa3d8d2025.ppt