Чынгыз Айматов- омур баяны.pptx
- Количество слайдов: 11
ЧЫНГЫЗ АЙМАТОВ – ОМУР БАЯНЫ Даярдагандар: Эрназаров Альберт жана Аркабаев Сейтек.
Чыңгыз Айтматов 1928 жылдын 12 декабрында Шек ер айылында төрөлгөн (Кыргызстан, Тал асоблусу).
Чыңгыз Айтматов — азыркы доордун көркөм сөз чеберлеринин ири өкүлү, саясий турмушка активдүү аралашкан ишмер.
Анын калеминен жаралган прозалык, публицистикалык жана драмалык чыгармалар кыргызадабиятынын ургаалдуу өнүгүшүнүн кийинки бийиктиктерин белгилейт.
Анын адабиятка болгон йшкысы 50 -жылдарда Бишкектеги айылчарба институтунда окуп жүргөндө эле ойгонуп, мазмуну жана формасы жагынан да айырмаланган бир канчалаган аңгемелерди жазат.
Анын чыгармачылыгына коомдун орчундуу саясий, социалдык жана нравалык проблемаларынын курч коюлушу, интеллектуалдуулук, жалпы адамзаттык маселелердин философиялык өнүттө чечилиши, адам баласынын жан дүйнөсүн ичкериден психологиялык талдоолордон өткөрүшү жана жалпылоосу мүнөздүү.
Чынгыз Айтматовдун эпосу лиризм менен драматизмдин, трагизм менен романтизмдин өз ара байланыштарына негизделген. Анда мифология, дин, фантастика, көркөм шарттуулук жана сүрөттөөнүн катаал реализми эришаркак жашайт.
Ал очерктер, публицистикалык жана адабий сын макалалардын чебери да болуп эсептелет.
Чынгыз Айтматов Кыргыз Эл Жазуучусу (1968), Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер. Академиясынын академиги (1974), Социалисттик Эмгектин Баатыры (1978), Лениндик сыйлыктын лауреаты (1963), СССР Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1968; 1979; 1983), Республикалык Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты (1976), Кыргыз Республикасынын Баатыры (1997), Германиянын искусство Академиясынын мүчөкорреспонденти (1978), Париждеги Европа. илимдер, искусство жана адабият Академиясынын академиги (1983), Стокгольмдогу Бүткүл дүйнөлүк илимдер, искусство Академиясынын академиги (1987) болуп шайланган.
Чынгыз Айтматов 10 -июнда 2008 -жылы Германиянын Нюрнберг шаарында даарыланып жатып каза болгон.
Конул бурганыр учун чон рахмат !
Чынгыз Айматов- омур баяны.pptx